АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга байланыштуу соңку сүйлөшүүгө учкай комментарий берди. Reuters агенттиги анын "Орусия-Украинага байланыштуу бүгүнкү сүйлөшүүлөр абдан, абдан жакшы. Андан бир нерсе чыгышы да мүмкүн", -деп айткан сөзүн жарыялады.
Аптанын аягында, жума күнү сүйлөшүүлөр болгон эмес. Бирок анын алдында Абу-Даби шаарында Украина, Орусия жана АКШнын өкүлдөрүнүн эки күндүк жолугушуусу өткөн. Бул сүйлөшүүлөрдү тараптар конструктивдүү деп баалаган жана анын негизинде Киев менен Москва дагы туткундарды алмашкан.
Reuters Трамптын мындай билдирүүсү март айында тынчтык келишимине жетишүү мүмкүн деген сөздөргө байланыштуу болушу ыктымалдыгын белгиледи. Аталган агенттик сүйлөшүү процесстеринен кабары бар булактарына таянып келерки айда тынчтык макулдашууларына жетишүү, Украинада референдум өткөрүү ыктымалдыгы каралып жатканын жазган.
АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги темалардын бири аймактык маселе бойдон калууда. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Донбасс Орусиянын "тарыхый аймагы" экенин айтып, аны аскердик же башка жолдор менен кайтарып ала турганын билдирген. Киев болсо украин аскерлеринин Донбасстан чыгып кетишин кабыл алынгыс деп эсептейт.
Украин бийлиги ошондой эле коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылууда.