Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун аймагындагы уу калдыкты тазалоо иштери башталарын билдирди. Буга байланыштуу Орусиянын “Росатом” мамлекеттик ишканасы менен баасы 321 миллион рублден ашкан келишимге кол коюлганын маалымдады.
“2025-жылы “Росатомдун” адистери бул объектиде техникалык текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен бул жерди акырындык менен коопсуз абалга келтирүү чечими кабыл алынган. Келишимдин баасы 321 миллион 648 миң рублди түзөт. Алгачкы этапта 2026-жылы аварияга каршы биринчи кезектеги иштерди жүргүзүү, экинчисинде, 2027-жылы Орусиянын объектилеринде утилдештирүү каралган”,-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин адистер “Кристалл” заводунун уу калдыктар сакталган жайында жарылуу коркунучу пайда болгонун айтып келишкен. Эгер бул кампа жарылса жалпы чөлкөмгө чоң коркунуч жараларын эскертишкен.
Заводдун уу калдыктар сакталган жайына байланыштуу маселе элдик курултайда дагы айтылган.
Маалыматтарга караганда, "Кристалл" заводунун кампасында 80 тоннадай уулуу трихлорсилан заты сакталып турат жана мындай зат сакталган цистерналарды дат басып, чирип баратат.
"Кристалл" 1985-жылы курулуп, эки жылдан кийин алгачкы товарлардын партиясы чыга баштаган. Өндүрүштүн негизги максаты чип салынган монокремнийлүү пластиналарды чыгаруу болгон. Анын өндүргөн каражаттары электроника жана татаал маалымат технологиялык жабдууларын жасоо үчүн колдонулмак.
Завод иштеп турган маалда КМШнын аймагында жок, дүйнө жүзүндөгү беш өндүрүштүн бири саналчу. Эгемендик жылдардан кийин толук иштебей калган.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кристаллды” криминал ээлеп алганын, ал мамлекетке алынганын айткан.
Азыркы транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп турганда заводдун ишин жандандыруу үчүн инвесторлор бар экенин билдирген, бирок чоо-жайын тактаган эмес. Ошондон бери бул заводдун иши, инвесторлор тууралуу эч кандай расмий маалымат жок.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан уу калдык сактоочу 92 жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда. Алардын 23үндө уран, калганында радиоактивдүү тоо тектеринин топтому, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт жана аларды зыянсыздандыруу маселеси курч турат.
Буга чейин Нарында Жумгал районунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" уран калдыгын сактоочу жайын көчүрүү иштери башталган.