Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын (ГРУ) жетекчисинин биринчи орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеевге кол салууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), анын ичинде "Коммерсант", Baza жана "РЕН ТВ" ишенимдүү булактарга шилтеме кылып жазды.
"Коммерсант" кылмышка шектүү суракка жеткирилгенин, анын бөгөт чарасын сот 8-февралда карарын билдирди.
Mash жана Baza Телеграм каналдарынын маалыматына караганда, кылмышка шектүүнү “Дубайдан алып келишкен”. Аны менен кошо шериги дагы колго түштү. Кармалган адамдын тек-жайы, кылмышка барган себептери тууралуу айтыла элек.
Соңку маалыматтарга караганда, Алексеевге операция жасалды жана ал өзүнө келди.
Орусиянын Тергөө комитети жума күнү Алексеевге кол салуу болгонун билдирген. Ага ылайык, белгисиз адам генералга Москванын түндүк-батышындагы Волоколамск кан жолунун боюнда жайгашкан үйдө ок чыгарган.
Shot басылмасы шектүү Алексеевди тепкич аянтчасында күтүп туруп, офицер батиринен чыгары менен атканын жазган.
Андан кийин кол салган адам изин жашырып кеткен, ага издөө жарыяланган.
Алексеевдин абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалыматтар чыккан.
Орус полициясы "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "курал-жабдыктын мыйзамсыз жүгүртүлүшү" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
Британияда Владимир Алексеев Сергей Скрипалга каршы Солсбери шаарында жасалган кол салууга тиешеси бар деп айыпталган. Ошондой эле ал "Вагнер" менчик аскер компаниясынын кураторлорунун бири катары аталып жүрөт.