"Кыргызстанда болгондо тирүү калмак эмесмин..." АКШда бир жыл кризистик борбордо жашаган Элнура

Элнура эки баласы менен.

Элнура 2023-жылы күйөөсү менен Мексика аркылуу мыйзамсыз жол менен Америкага барган. Бирок үч айга жетпей эки чүрпөсү менен үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. 35 жаштагы келин Чикагодогу кризистик борборго жардам сурап кайрылып, ал жерде эки баласы менен бир жылдан ашуун жашаган.

"Кыргызстанда болсом өлүп деле калмакмын деп ойлойм. Балдарым жетим калмак... Себеби арыз жазсам аны алып койчу. Жолдошум органда иштечү. Азыр Америкадамын. Америка мени коргойт", - деген Элнура эки баласы менен Чикагодо жашап жатканына үч жылга чукулдап калды.

Ал АКШга күйөөсү менен 2023-жылы жайында Мексика аркылуу мыйзамсыз жол менен кирген. Үч айга жетпей өзү жана балдары күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган экен:

"Марихуананы аябай көп чегип алып, баладан "арипти толук билишиң керек" деп талап кылды. Кызыма дептер менен калем берип, "жаз, жаз дедим сага" деп аябай бакырды. Колуна шприц кармап туруп алып коркутту. Марихуананын таасири астында болду. Мен жардам бере алган жокмун. Бөлмөнү ичинен кулпулап алган эле. Уруш башталганда колуна жаздыкты алып, мени тумчуктура баштады. Колумда кичине балам аябай катуу ыйлады. Эптеп үйдөн качып кеттик. Бул жакта документиң барбы, кайсыл улут, дин экениңе карабайт. Өмүрдү сактоо биринчи орунда турат. Полицияга чалсаң бир мүнөттө келет. Кризистик борборго чалсаң, дароо орун табат. Эң негизги эрежеси бар - кризистик борбордун дарегин эч ким билбеши керек".

Элнура балдары менен.

Ошентип, Элнура жети айлык уулун көтөрүп, үч жашар кызын жетелеп, кризистик борбордо бир жылдай жашаган. Борбордун адистеринин жардамы менен сот аркылуу коргоо ордерин алган.

Ошондон кийин келин өзүнүн жана балдарынын коопсуздугуна коркунуч азайганын айтат:

"Судья мага коргоо ордерин бергенде Американын үч жараны күбө болуп, жолдошумдун абалын, балдарыма абьюзерлик мамиле кылганын далилдеп беришкен. Күбө адамдар аркылуу мага коргоо ордери берилген. Мага чала албайт, жакын келе албайт. Ал турсун бир СМС жазса камакка алынат. Бул жакта балдарды зомбулуктан коргоо абдан күчтүү. Ошол себептен ал аталык укуктан ажыратылып, эки балама алимент чегерилген. Жактоочум банк эсебин сот аркылуу текшерттирген. Айына 8 миң доллардай алат экен. Ошонун 25% алимент катары төлөнөт. 1-2 ай төлөнбөсө айып эсептелинет. Такыр эле төлөбөсө камакка алынат. Камакка алынса күнүгө 8 доллардан түшүп турат. Камакка алынса ал жакта кичине жумуштарда иштеп, айлык алат экен. Бул жерде ушундай экен. Балдарын баксын деп күнүгө 8 доллардан чыгарып берет".

Элнура кризистик борбордо бир жылдай жашаган.

Зомбулуктан жапа чеккен мигрант эне менен балдарына психологиялык жардам көрсөтүлүп, алардын ар бири менен атайын адистер иштеген. Элнуранын уулу азыр үчтө, балдар бакчасына барат. Кызы алтыга чыгып, мектепте окуйт.

Аялдын сөзүнө караганда, күйөөсү эки жылдан бери балдарын көрө элек. Алар менен жолугушуу үчүн сот катуу талаптарды койгон.

"Балдарды көрөм деп судьяга арыз жазган. Бирок судья уруксат берген жок. Себеби ал марихуана чекпегени, ичпегени тууралуу медициналык справканы көрсөтүшү керек. Ата болуу мектебинен өткөнү тууралуу справканы көрсөтүшү зарыл. Үчүнчүсү - терапиядан өтүшү керек. Терапиядан өткөндөн кийин балдарым менен жолугат. Бирок муну сот чечет, мен чечпейм. Февралда сот отуруму болот. Коргоо сурайм. Балдарым 8-9 жашка чыкканга чейин супервайзер аркылуу көрүшсүн деп сурайм".

Элнура күйөөсү менен чогуу 9 жыл бирге түтүн булатып, 2021-жылы расмий ажырашкан. Бирок башка түшкөн тагдырына макул болуп, жолдошунун бал тилине алданып, кайра эле жарашып алганын айтат:

"Кыргызстанда болсом өлүп деле калмакмын деп ойлойм. Балдарым жетим калмак... Себеби арыз жазсам, аны алып койчу. Жолдошум органда иштечү. Жазгандан коркчумун. Азыр Америкадамын. Америка мени жана балдарымды коргойт. Акыркы жаңылыктарды көрүп жүрөгүм аябай ооруйт. Акыркы бир айда эле үч аял зомбулуктан каза болду. Кыргызстанда ушундай борборлор ачылып, аялдардын укугун ушинтип коргой турган болсо, балким, тирүү калмак. Балдары жетим калды. Ошого жүрөгүм ооруп турат. Мыйзамдар күчтүүрөөк иштесе жакшы болмок. Аялзатты, балдарды Америкадай колдоп... Кризистик борборлор катуураак иштеп, жардам берип турса, балким мындай өлүмдөр азыраак болмок".

Аялдын айтканына караганда, кризистик борбордо жашаган бир жылда адистер ага Америкада бутуна туруп, жаңы жашоо баштоого жардам беришкен. Мигрант келин иштегенге уруксат, айдоочулук күбөлүк алган, жумуш тапкан. Башкача айтканда, кризистик борбордогу бир жылда жашоосун бир нукка салууга жетишкен. Учурда Элнурага эки кичине чүрпөсүн караганга апасы жардам берип, өзү сулуулук салондо, жеткирүү кызматында жана таксиде иштеп, алыс жерде бутуна турсам деген кыялы бар.