Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани баштаган делегация 10-февралда Омандын борбору Маскат шаарына бармакчы.
Коргоо, чалгын жана тышкы саясаттагы маанилүү чечимдерди кабыл алган мекеменин башчысы Омандын жетекчилиги менен “соңку регионалдык, эл аралык окуяларды жана эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт”, - деп билдирди Ирандын медиасы.
Бул сапар Маскатта 6-февралда Иран менен АКШнын тикелей эмес сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы өткөндөн кийин пландалып отурат. Оман ага ортомчу болуп келет.
Бирок ирандык маалымат каражаттары Ларижанинин визитин сөз болгон кездешүүгө байланыштырган жок.
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегерандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр ушул аптанын орто ченинде уланарын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи кийинки жолугушуунун жери жана датасы Вашингтон жана Тегерандагы кеңешүүлөрдөн кийн аныкталарын айткан.
Аракчи Оманга делегацияны баштап барып, Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
АКШ Ирандын атомдук жана ракета программаларын чектөө, Ислам жумуриятынын чөлкөмдөгү кол жоолук согушкер топторго колдоосун токтоттуруу маселелерин талкуулоону көздөгөнүн айтып келди.
Бирок Тегеран сөз өзөктүк программасынын айланасында гана болууга тийиш деп эсептейт.
АКШнын Иранга кысымы ал жакта бийликке каршы толкундоолордун катышуучуларына каршы күч колдонулуп, миңдеген киши каза тапкандан кийин күчөдү.
Аймакка америкалык согуштук кемелер жайгаштырылып, дипломатиялык аракеттерге карабай куралдуу жаңжал ыктымалдыгы жогору бойдон калууда.