Украина: Орусиянын соккусунан үч наристеси менен атасы каза тапты

Богодухов шаары. 2026-жылдын 11-февралы.

Украинанын Харьков облусунун Богодухов шаарында орус аскерлеринин дрон соккусунан үч жаш бала жана бир чоң киши каза болгонун 11-февралга караган түнү аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.

Анын айтымында, дрон жеке үйгө тийип, уранды астында 34 жаштагы эркек киши, эки жашар кыз жана бир жашар эки эркек бала калган. Медициналык кызматкерлердин жана куткаруучулардын аракетине карабастан аларды сактап калуу мүмкүн болгон жок. Харьков атайын аскердик администрациясынын башчысынын айтымында, кол салуудан 35 жаштагы кош бойлуу аял да жараат алды.

Запорожье аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун айтымында, 11-февралга караган түнү орусиялык аскерлер бул аймактагы инфраструктуралык объектке дрон менен кол салышты. Натыйжада шаардын болжол менен 11 000 тургуну электр жарыгысыз калды.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жыл болду. Кармашты токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.

Дагы караңыз

Миллиардер Чанпэн Чжаонун сапары: Бишкек эки криптовалютасын Binance биржасына киргиздиДепутат Кыдыралиев Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча кайрылуу кылып, бийликти биримдикке чакырдыЧек ара кызматы, Күзөт кызматы УКМК карамагынан чыгарылды ИИМ кызматкерлери Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарланды