Орус армиясынын соккусу Краматорскиде үч бир туугандын өмүрүн алды

Орус армиясынын Одессага жасаган дрон соккусунун кесепети. 13-февраль, 2025-жыл.

13-февралга караган түнү орус аскерлери Украинанын Одесса облусуна сокку урду. Анын натыйжасында бир адам каза болуп, дагы алтоо жаракат алды. Алардын үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, бутага Одесса облусундагы порт, ишканалар жана энергетикалык инфраструктура алынган. Порт аймагында жер семирткич сакталган кампалар жабыркап, төрт жеңил унаа жана жүк ташуучу вагондор өрттөнгөн.

"Одессада автосалондун жана санаторийдин аймагына дрондордун сыныгы кулаган. Эки “Шахед” эки турак үйдөгү батирлерге тийген, андан ары өрт чыккан жок", — деп жазды Кипер өзүнүн Telegram каналында.

Донецк облусунун Краматорск шаарына 12-февралдын кечинде болгон орус армиясынын чабуулунан үч бир туугандын өмүрү кыйылды. Алардын бири өспүрүм болгон. Бул тууралуу Донецк облустук прокуратурасы маалымдады.

"Сокку турак жай секторуна тийди. Чабуулдан улам бир үйдө 19 жаштагы эки жигит жана алардын 8 жаштагы иниси каза болду", — деп айтылат билдирүүдө. Балдардын апасы жана чоң энеси жаракат алышкан.

Николаев облусунда энергетикалык инфраструктура объектиси жабыркап, Баштанка районундагы айрым калктуу конуштар жарым-жартылай электр жарыксыз калды. Бул тууралуу Николаев облустук аскердик администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана тынч калкка жасалган соккуларды Орус армиясынын согуш кылмыштары катары баалашат. Расмий Москва муну четке кагып, соккулар аскердик объектилерге гана багытталганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келгени маалым болдуЖурналист Мамыркулова бир берене менен акталып, дагы бири боюнча күнөөлүү деп табылдыЭркебаев президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык соттун чечимин күтүүгө чакырды