Навальный эквадор бакасынын уусу менен ууландырылганы аныкталды

Алексей Навальный 2024-жылдын 16-февралында түрмөдө каза болгон.

Орус оппозиционери Алексей Навальный эки жыл мурун түрмөдө эпибатидин деген уулуу зат менен ууландырылып каза болгон. Бул тууралуу Британия, Швеция, Франция, Германия жана Нидерландын Тышкы иштер министрликтери 14-январда тараткан билдирүүдө айтылат. Бул билдирүү жарыяланганга чейин Европадагы беш өлкөнүн адистери
Навальный "уулануудан улам каза болгон" деген жыйынтыкка келгени тууралуу The Insider басылмасы жазып чыккан.

Андагы маалыматка ылайык, Навальный көз жумган соң жакындары четке алып чыгып кетүүгө жетишкен биоматериалдарга жасалган анализ уулануунун белгилерин аныктаган.

Эпибатидин - Түштүк Америкада жашаган баканын терисинен алынган уулуу зат.

Европанын беш өлкөсүндө жасалган анализ Навальныйдын уулануудан каза болгонун аныктаганын анын жесири Юлия Навальная да ырастады. Ал күйөөсүнүн өлүмүнө орус президенти Владимир Путинди айыптап, “Жолдошум набыт болгон алгачкы күндөн тарта эле аны ууландырышканына көзүм жеткен, эми болсо далилденди. Путин Алексейди химиялык курал менен өлтүргөн”, - деп соцмедиадагы баракчасына жазды.

Алексей Навальный Ямал-Ненец автоном аймагында Харптагы шарты катаал түрмөдө 2024-жылдын 16-февралында 47 жашында каза тапкан. Анын сөөгү Москвадагы Борисов көрүстөнүндө жерге берилген.

Орус бийлиги абакта Навальныйдын абалы начарлап каза болгонун билдирген.