Бишкекте турмуштук оор абалда калган балалуу аялдарды колдоо үчүн "Эне үйү" деп аталган экинчи ресурстук борбор ачылды.
Долбоор кош бойлуу жана жаш аялдарга психологиялык, медициналык жана социалдык-укуктук жардам берүү менен аларды баласынан баш тартуусунун алдын алууга багытталган.
Долбоордун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балдар укугун коргоо лигасы" жана Mother’s Home International Foundation фонду менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Министрликтин маалыматында, "Балдар укугун коргоо лигасы" менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо, алар менен иштөөчү адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана мекемелер аралык кызматташтыктын натыйжалуу системасын түзүү иштери жүргүзүлөт.
Бишкек "Эне үйү" деп аталган алгачкы ресурстук борбор былтыр май айында ачылган. Анда турмуштук оор абалда калган аялдарга, балдарга медициналык, психологиялык, укуктук жардам көрсөтүлөт. Борбордун психологдору жаңы төрөгөн аялдарга да психологиялык кеп-кеңештерин акысыз берип келет.
Социологдор аялдар жана балдар кабылган оор шартка, ырайымсыз мамиленин көбүнө жетишпеген жакырчылык, турмуштагы оорчулуктар дагы себеп экенин белгилешет.
Былтыркы он айда 18,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган, бул 2024-жылкы көрсөткүчтөн дээрлик 28% көп. Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон зомбулук фактылары да катталып келет.(ZKo)