2025-жылы Кыргызстанга сырттан 3,4 млрд доллар которулду

АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банктын маалыматында, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган.

Мунун ичинен басымдуу бөлүгү - 3 млрд 231 млн доллар Орусиядан которулган.

Алыскы чет өлкөлөрдөн жалпы 198 млн доллар, АКШдан 107 млн, Казакстандан 35 млн доллар, Түркиядан 11 млн, Түштүк Кореядан 2 млн доллар келген.

Улуттук банктын маалымдашынча, 2025-жылы Кыргызстандан Орусияга 329 млн доллар, КМШ өлкөлөрүнө 340 млн, АКШга 1 млн доллар которулган.

Башкы банк бул акчаны жарандар эл аралык акча которуу системалары, банктардын мобилдик тиркемелери жана электрондук капчыктар аркылуу которушканын белгиледи.

 2024-жылы сырттан 2,9 млрд доллар, 2023-жылы 2,7 млрд доллар которулган.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте экинчи "Эне үйү" борбору ачылды"Өз арызы менен кетсе кармабайбыз". Кадрдык өзгөрүүлөрБишкекте реабилитациялык борбордо каза тапкан эки адамдын иши иликтенүүдө"Досум кызматка барбайт, эс алсын". Жапаров Ташиев тууралуу соңку жагдайды айтты