Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) жана Свердлов райондук милициясынын (РИИБ) Коомдук коопсуздук кызматы аталган РИИБдин үч кызматкерин кылмышка шек санап кармады.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 3-бөлүгүндө ("башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү") каралган кылмыш белгилери боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Свердлов милициясынын кызматкерлери А.у.К., К.А.Т. жана К.М.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.
Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, керектүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери түрдүү кылмыштарга айыпталып, шек саналып кармалган учурлар акыркы жылдары арбын катталууда. УКМК алардын айрымдарын иш үстүнөн, жыйын өтүп жаткан кезде, айрымдарын кылмыш үстүнөн кармаганы кабарланып келет.(ZKo)