Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды

Көчкү алдында калган малчыны издөө. Суусамыр. 14-февраль, 2026-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары Суусамырда кар көчкү алдынан 59 жаштагы Д. А. аттуу адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уланып жаткан издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү бүгүн, 18-февралда табылып, кар алдынан чыгарылды.

Издөө иштерине 70тей адам катышты.



12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы чабанды 50 баш кою жана аты менен чогуу кар көчкү басып калганы кабарланган. Ошондон бери жүргүзүлгөн издеп-куткаруу иштери жыйынтык бербей келаткан.

ӨКМ жаан-чачынга жана күн ысышына байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүүсү мүмкүн экенин улам эскертүүдө.

Ошондой эле калың кардан улам 12-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилгени кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Зеленский украиндер Донбасстын Орусияга берилишин эч качан кечирбей турганын билдирдиДепутат Жороев УКМКнын ишкерлерге басымын токтотууну сурандыБаткен: Аялдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон демилгеШабданбеков УКМКнын кармалган кызматкерлеринин аракетине тергөө баа берерин айттыЖогорку Кеңеште жаңы келген төрт депутат ант берди