Тажикстандын бир да жараны Украинадагы согушка аралашканы үчүн соттоло элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын башкы прокурору Хабибулло Вохидзода билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бир дагы жараны Украинанын аймагындагы согушка катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла элек. Бул тууралуу Asia-Plus басылмасы жазды.

Вохидзода бул тууралуу башкалаа Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында айткан. Жыйынга ички иштер министри Рамазон Рахимзода да катышкан.

Вохидзоданын айтымында, прокуратура согушка катышып жаткан жарандар боюнча өзүнчө эсеп жүргүзбөйт жана 2025–2026-жылдары аталган берене боюнча бир дагы кылмыш иши козголгон эмес.

Ал эгер Тажикстандын жараны чет өлкөдөгү куралдуу кагылышууларга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын баса белгилей кетти.

Ошону менен катар башкы прокурор кош жарандыгы бар, анын ичинде Орусиянын жарандыгы бар тажикстандыктар ошол өлкөнүн мыйзамдарын сактоого милдеттүү экенин кошумчалады. Мындай учурларда согушка катышуу маселеси башка мамлекеттин юрисдикциясына киргендиктен тажик бийлиги кылмыш ишин козгой албайт.

Москва Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан бери айрым маалымат каражаттары Орусиянын армиясынын катарында жүздөгөн тажикстандык согушка катышып жатканы тууралуу кабарлап келишет.

Бирок Тажикстандын расмий органдары мындай фактыларды ырастабайт жана алар боюнча расмий эсеп жүргүзбөйт.

Ал эми Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде - Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкан бир нече адам кылмыш жообуна тартылган.

Дагы караңыз

Балдарга, аялдарга каршы оор кылмыш жасагандарды өмүр бою абакка кесүү сунушталдыМинистрлик ТикТок боюнча чечимди кайра карап чыгууну сунуштоодоЖогорку Кеңешке Акаевдин ордуна Сарыбашов депутат болуп келди