Трамп Орусияга Крым үчүн киргизилген санкция мөөнөтүн дагы бир жылга узартты

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамп 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандыгы үчүн Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу маалымат 19-февралда АКШнын өкмөттүк документтеринин жыйнагы болгон Федералдык реестрде жарыяланды.

"Мен №13660 жарлыкта жарыяланган "өзгөчө кырдаалды" бир жылга узартам", - деп айтылат Ак үйдүн башчысы кол койгон документте. Бул буйрукту алгач ошол кездеги президент Барак Обама 2014-жылдын 6-мартында чыгарган.

"Өзгөчө кырдаал" санкциялары кийинчерээк 2017-жылдын 6-мартына чейин, андан кийин дагы бир нече жолу узартылган. Ал "Украинадагы демократиялык процесстерди жана институттарды бузган, анын тынчтыгына, коопсуздугуна, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген" деп жооптуу жеке адамдардын жана юридикалык жактардын активдерин камоого уруксат берген.

Женевада Орусиянын Украинага каршы согушун тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча консультациялар 17 жана 18-февралда өттү. Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский консультацияларды "татаал, бирок иштиктүү" деп мүнөздөдү. Өз кезегинде Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы жана украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров бир катар маселелер такталып калганын белгиледи, бирок "бул этапта чоо-жайын ачыктоого мүмкүн эмес" деп белгиледи. Ал ошондой эле орус тарап менен болгон талкууну "интенсивдүү жана маңыздуу" деп мүнөздөдү.

Дагы караңыз

АКШ–Иран: Дипломатия же жаңжал? Вашингтон Тегеранга сокку урушу мүмкүнбү?УКМКнын коррупцияга каршы күрөшкөн 6-башкармалыгынын жетекчиси камакка алындыРеспубликалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов камалдыАмангелдиев Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлкүн алууга Ширшов жардам берип жатканын айтты