Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири, 2020-жылдан бери камакта отурган Николай Статкевич түрмөдөн бошотулду. Ага өлкө аймагында калууга уруксат берилгенин жубайы Марина Адамович билдирди.
Анын айтымында, Статкевич мээсине кан куюлуп (инсульт), учурда калыбына келип жатат, сүйлөөдө кыйналат.
«Калганынын баары жакшы. Баары жакшы болот», — деп жазды Адамович күйөөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап.
Статкевич менен бир күндө сүрөтчү Наталья Левая да бошотулганын пропагандалык «Пул Первого» ресурсу жазды. Орусия Украинага согуш ачкандан кийин ал Польшага чыгып кеткен. 2023-жылы мекенине кайтып келгенде чек арадан кармалган. Ага оппозициячыл уюмдарга жана Украина тарабында согушуп жаткан «Калиновский полкуна» каражат которгону үчүн алты жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Ал түрмөдө жатканда кош бойлуу болгон.
Жалпысынан 14 жылга кесилген Николай Статкевич буга чейин да бошотулган. Ал 2025-жылдын 11-сентябрында абак колониясынан бошотулуп, күч менен беларус-литва чек арасына жеткирилген 50дөн ашуун саясий туткундун катарында болгон.
Бирок автобус Литва менен чек арага жеткенде Статкевич Беларус аймагынан чыгып кетүүдөн баш тарткан. Медиа каражаттар бетон тосмонун үстүндө отурган саясатчынын кадрларын жарыялаган. Ал нейтралдуу тилкеде бир нече саат болуп, андан соң кайра Беларус аймагына кайтып барган. Кийин Александр Лукашенко аны беларус күч түзүмдөрү «алып кеткенин» билдирген.
«Весна» укук коргоо борборунун өкүлү Леонид Судаленко анын бул чечими бийлик үчүн күтүүсүз болгонун айткан. Анын сөзүнө караганда, Статкевич өлкөдөн чыгаруу менен коштолгон бошотуу тартибине каршы чыккан.
Николай Статкевич — Александр Лукашенконун көп жылдан берки саясий атаандаштарынын бири. Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоого да талапкерлигин койгон.
2020-жылдын 31-майында, шайлоого бир нече ай калганда, ал кармалган.
Кийин Сергей Тихановский жана Игорь Лосик менен бирге соттолгон. 2021-жылдын декабрында ага 14 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Тергөө версиясына ылайык, ал «өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу механизмине радикалдык блоктун өкүлдөрүн тартуунун артында турган» жана 2019-жылы интернет аркылуу «радикалдык аракеттерге даярдык көрүүгө ачык чакырыктарды» тараткан.
Саясатчы коюлган айыптарды «акылга сыйбаган» деп атап, иш материалдары менен таанышуудан жана сот жараянына катышуудан баш тарткан.
«Весна» укук коргоо борбору Статкевичти саясий туткун деп тааныган.