Бишкек: Машина жууган жайлар суусун кайра тазалоого милдеттүү болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы автоунаа жуулчу жайлардын бардыгы иштетилген сууну кайра тазалап, колдонууга милдеттендирилди. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчиси Чыңгыз Жумалиев шаардык кеңештин 20-февралдагы жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул маселе шаардагы унаа жуулчу жайлардын ээлери менен жолугушууда талкууланган.

Автоунаа жуулчу жайларды иштетилген сууну кайра тазалап, колдонууга милдеттендирген токтом 2023-жылы ичүүчү суунун тартыштыгы учурунда кабыл алынган. "Бишкексууканал" ишканасы ишкерлерге сууну кайра иштетүүчү жабдууларды быйылкы жылдын 1-мартына чейин орнотуу талабын эскерткен.

Муниципалдык ишкана башчысы бүгүн шаардык кеңештен бардык унаа жуучу жайларга сууну тазалоочу жабдууларды 2027-жылдын 1-январына чейин орнотууга убакыт берүүнү сунуштады.

Шаар кеңештин айрым депутаттары иштетилген сууну кайра тазалоо талабы автоунаа жуулчу жайларга гана эмес, кафе-ресторандарга, мончо-сауналарга да коюлушу керектигин айтышты.

"Бишкексууканал" ишканасынын маалыматына караганда, автоунаа жуулчу жайлар техникалык сууну эмес, ичүүчү сууну пайдаланышат.

Бишкекте ичүүчү суунун бир тоннасы 10,45 сомдон сатылат.

2023-жылы июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Милиция алардын айрымдарын кармап, камакка алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Iran Human Rights: Иранда 26 адам өлүм жазасына өкүм кылындыКадырбек Атамбаев менен Эрмек Эрматов камакта калтырылдыБеларус оппозициясынын лидерлеринин бири Николай Статкевич эркиндикке чыктыУкук коргоочу Рита Карасартова Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын сотко бердиӨзбекстан Газада социалдык инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү ниетин билдирди