Депутат Бекешев УКМКга ТикТоктун бөгөтүн алып салуу өтүнүчү менен кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ТикТок социалдык тармагынын бөгөтүн алып салууну өтүнүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына кайрылды. Бул тууралуу депутат 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ТикТокту бөгөттөөнүн зарылчылыгы жоктугун белгиледи.

Депутат социалдык тармакты бөгөттөө коопсуздукту сактоого өбөлгө болуп бере албасын, тескерисинче, экономикага жана жарандарга кошумча тобокелчиликтерди түзөрүн айтууда.

ТикТок социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайрадан карап чыгуу сунушу менен 18-февралда Маданият, маалымат, спорт жана миграция министрлиги да чыккан. Министрдин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда ТикТок бөгөттөлгөнүнө карабай жарандар ага VPN аркылуу кирип, пайдаланып жатышканын айткан. Ал ошондой эле аталган соцтармакты жабуу жаштардын аудиториясына, ТикТокту ишкерлигин өнүктүрүү үчүн колдонуп келген креативдүү индустрия жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө терс таасирин тийгизгенин белгилеген.

Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиг тыюу салган. 2024-жылы апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырган. Андан бери аталган соцтармакка пайдалануучулар VPN аркылуу кирип келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Iran Human Rights: Иранда 26 адам өлүм жазасына өкүм кылындыКадырбек Атамбаев менен Эрмек Эрматов камакта калтырылдыУкук коргоочу Рита Карасартова Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын сотко бердиӨзбекстан Газада социалдык инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү ниетин билдирдиТрамп Орусияга Крым үчүн киргизилген санкция мөөнөтүн дагы бир жылга узартты Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9 млрд долларга жакындады