АКШ Өзбекстандагы эки компаниянын жетекчилигине визалык санкция салды

АКШга Мексика аркылуу кире албай турган мигранттар. Архивдеги сүрөт.

АКШ Өзбекстандагы эки компаниянын жетекчилерине мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөнү үчүн визалык чектөө киргизди.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, бул компаниялардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде балдарды Борбордук Америка аркылуу АКШга мыйзамсыз алып өтүүгө жардам берген.

Мекеме тараткан билдирүүдө бул адамдар чет элдик жарандарды өткөрмө пункттарга жеткирүүнү активдүү координациялаганы, андан соң алардын көбү АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганы айтылат.

Мамлекеттик департамент бул чаралар улуттук коопсуздукту коргоо жана иммиграциялык мыйзамдарды сактоо максатында кабыл алынганын баса белгиледи. Мекеменин басма сөз өкүлү Томас Пиготт АКШ мыйзамсыз миграциядан пайда көргөн аткезчиликке каршы активдүү күрөшөрүн жана мындай схемалардан акча тапкандар жоопко тартыларын айтты.

Ал ошондой эле Өзбекстан өкмөтүнө мындай кылмыштуу схемаларды жоюудагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Американын Ташкенттеги элчилиги Өзбекстан жарандарын АКШга барууда “коопсуз жана мыйзамдуу” жолдорду колдонууга чакырып, кирүү эрежелерин бузгандар тез арада депортация болорун эскерткен.

2025-жылдын башынан бери депортацияланып, Өзбекстанга дээрлик 700 жаран кайтарылды.

Дагы караңыз

Атайын кызматтын төрагасы УКМК саясий курал болбошу керектигин айттыДепутат Бекешев УКМКга ТикТоктун бөгөтүн алып салуу өтүнүчү менен кайрылдыIran Human Rights: Иранда 26 адам өлүм жазасына өкүм кылынды