Зеленский: украин аскерлери Донбасс, Херсон жана Запорожье аймактарынан чыгарылбайт

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскерлеринин Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарынан чыгарууга кескин каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал Би-би-синин журналисти Жереми Боуэнге берген маегинде айтты.

«Мен муну позицияларыбызды таштап кетүү жана ал жерлерде жашаган жүз миңдеген жарандарыбыздан баш тартуу катары көрөм. Мындай “чегинүү” коомубузду бөлүп-жарарына ишенем», — деди ал.

Зеленскийдин айтымында, Орусияга аскердик күчтөрүн калыбына келтирүү үчүн бир нече жылдык тыныгуу керек, андан кийин агрессияны кайра улантышы мүмкүн.

Президент АКШдан шайлоо өткөрүлгөнгө чейин коопсуздук кепилдиктерин берүүнү талап кылууда.

Би-би-синин маалыматына караганда, Вашингтон быйыл жай айларына чейин шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Зеленский өзү кайра талапкер болобу же жокпу чечим кабыл ала электигин айтты.

«Эгер бул согушту токтотуунун шарты болсо, анда шайлоо өткөрөлү. Бирок ал калыс өтүшү керек жана аны биринчи кезекте украин эли таанышы керек», — деп баса белгиледи ал.

Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Cтив Уиткоф Fox News телеканалына берген маегинде жакынкы апталарда согушту токтотуу боюнча «жакшы жаңылыктар» болушу мүмкүн экенин айтып, Зеленский менен Путиндин жолугушуусу ыктымал экенин четке каккан эмес.

Анын айтымында, Украина менен Орусия «чындыгында согушууну каалашпайт», бирок жетекчилик деңгээлде макулдашуу кыйын болууда.

Уиткофф Трамптын күйө баласы Жаред Кушнер менен бирге тараптарга жакынкы үч жуманын ичинде жакындашууга мүмкүнчүлүк бере турган айрым сунуштарды бергенин айтты.

Ал жогорку деңгээлдеги саммитке Дональд Трамп да катышышы мүмкүн экенин, бирок жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ишеним болгондо гана кошуларын белгиледи.

Дагы караңыз

Мэр Жунушалиев "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы жашыл аймак калыбына келтирилерин айтты Кыргызстан чет өлкөлөргө 6,2 тонна алтын саттыИран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына даярданууда