"Мемориал": Орусияда дээрлик 1400 украин саясий негиздеги ишке айыпталууда

Украин туткундарынын соту. Ростов-на-Дону. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жана орус армиясы басып алган украин аймактарында кеминде 4029 адам согушка байланыштуу саясий негиздеги кылмыштарга айыпталганын "Поддержка политзеков. Мемориал" долбоору эсептеп чыкты.

Укук коргоочулар белгилегендей, 1614 адам – Орусиянын, 1277 – Украинанын жарандары, 121 адам Украина жана Орусиянын жарандыгына ээ, дагы 47 адам башка өлкөлөрдүн жарандары.

1277 украиндин 726сы аскер кызматкери. 2022-жылдан бери кеминде 39 украин өмүр бою эркиндигинен ажыратылганын "Мемориал" жазды.

Ушул тапта 3059 адам жабык жайларда кармалып турат. Орусиянын соттору бул иштер боюнча бир дагы актоо чечимин чыгарган эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский беларустун "Зеркало" басылмасына курган маегинде Орусиянын абактарында 7 миңдей украин бар экенин билдирген.

"Алар украиндерге башка өлкөлүк саясий туткундарга караганда катаал мамиле кылышат", – деди Зеленский.

5-февралда Орусия менен Украина согуш туткундарын 157/157 форматында алмашкан. Зеленский анын ичинен жетөө жай тургун, калганы аскер кызматкерлери экенин кошумчалады. Туткундардын эң жашы 23 жашта, ал туткунга 19 жашында, Маруиполду коргоп жатып түшкөн. Орусиялык сот аны өмүр бою эркиндигинен ажыраткан.

Дагы караңыз

"Күйөөмдү издейм". Согуштун азабын тарткан аялдар"Ата Журт" депутаттык тобунун аталышы "Эл үмүтү - Ата Журт" болуп өзгөрдүЖогорку Кеңештеги эки тармактык комитеттин төрагалары кызматын тапшырдыTelegraph: Орусиянын чалгын кызматы Европадагы аскер базаларынын жанынан мүлк сатып алганСот Талас Бегалиевдин ишин карап, абактан бошотту