Орус армиясы Украинага жапырт сокку урду, Харьковдо 16 киши жабыркады

Орус армиясынын Запорожье шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 26-февраль, 2026-жыл.

26-февралга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын бир нече облусуна дрондор жана ракеталар менен жапырт сокку урду.

Киев шаарынын Голосеев районуна жасалган чабуулдун кесепетинен бир катар жайларда өрт тутанды. Печерск районунда эки кабаттуу турак үй күйүп кетти. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко жана Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиришти.

Орусиянын армиясы ошондой эле Харьков районундагы Рай-Оленевка айылын, ошондой эле Харьков шаарынын Киев, Шевченко, Слободской жана Салтов райондорун абадан аткылады.

Расмий маалыматка ылайык, Салтов районунда эки үй өрттөндү. Алдын ала маалыматтар боюнча 16 адам жабыркады, алардын экөө бала. Бул маалыматты Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов ырастады.

Көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр жабыркаган.

Запорожьеде да орусиялык чабуулдан бир адам жаракат алды. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирлер талкаланды. Соода борборлорунун биринде өрт чыгып, жеке менчик үйгө жана соода борборуна зыян келтирилди.

Кривой Рог шаарында беш кабаттуу үй, өрт өчүрүү бөлүмү жана автоунаага зыян келтирилип, эки адам жаракат алганын Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта Украинадагы аскердик жайларды гана бутага аларын билдирип, карапайым адамдар жашаган райондорго урулган соккуларды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Жапаров "бир досу кетсе, артында 7 миллион досу турарын", элдин тынчтыгын бузгандар аёосуз жазаланарын айттыАба ырайы: жаан, кар жаайтЧыңгыз Ажибаев биринчи вице-спикерлик кызматтан кетти