27-февралга караган түндө Казакстанда Акмоло облусунун Щучинск шаарында беш кабаттуу үйгө жанаша салынган кафеде жарылуу болду. 27-февралдын таңына карай алынган маалыматка ылайык, жарылуудан жети адам мерт болуп, 20дан ашууну жаракат алды.
Казакстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "газ-аба аралашмасынын жарылуусунан кийин өрт чыккан" деп билдирди:
"Өрт өчүрүүчүлөр өрттөнүп жаткан кафеден сегиз газ баллон алып чыгып, ондон ашуун адамды сактап калышты. Баштапкы маалымат боюнча өрттүн кесепетинен жыйырма чакты адам жаракат алды, алты адам мерт кетти. Өрт толук өчүрүлдү".
Маалымат каражаттары мерт болгондордун арасында 16 жаштагы кыз бар экенин жазууда.
Акыркы маалыматтарга ылайык, жаракат алган адамдардын саны 26, алардын 13ү Бурабай райондук ооруканасында.
"Щучинск ооруканасына күйүктөн түрдүү жаракат алган 13 адам түштү, алтоону Көкшетау облустук ооруканасына которууга даярдык көрүлүп жатат. Чукул жардам көрсөтүү үчүн облустук борбордон кошумча адистер, арасында анестезиолог-реаниматологдордун үч бригадасы чакырылды. Дары-дармек жетиштүү, бейтаптарга керектүү жардам толук көрсөтүлүп жатат", - деп билдирди Акмоло акиминин орун басары Алтынай Амренова.
Газ баллон жарылуусунан адам өлүмү катталган каргашалуу окуялар Кыргызстанда да катталган.