Камактагы Эрнис Жээнтаевге апасын узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилет

Эрнис Жээнтаевдин апасынын жаназасы 28-февралда болот.

Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барууга уруксат берилет. Бул тууралуу 27-февралда "Азаттыкка" Президенттин администрациясынан өздүк булактар билдирди.

Бишкекте эркин гезит дизайнери болуп иштеген, социалдык тармактагы пикири үчүн камалган Эрнис Жээнтаевдин жакындары мунун алдында президент Садыр Жапаровдон ага апасынын жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берүүгө көмөктөшүүнү суранып жатышкан.

66 жаштагы эне 27-февралга караган түнү узак оорудан улам көз жумду.

Жээнтаевдин бир тууган иниси Эрик Жээнтаев президенттен агасына ырайым кылып, камактан убактылуу чыгарып, апасынын тажыясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү.

Ал ошондой эле Эрнис Жээнтаев үйдүн улуу уулу, чечим кабыл алуучу адам экенин белгиледи.

Эрнис Жээнтаев өткөн жылдын 10-ноябрында кармалып, быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген.

Эрнис Жээнтаевдин апасынын тажыясы Ысык-Көл районунун Темир айылында 28-февралда саат 11:00го белгиленди. Ал уулу кармалып, камалганы тууралуу кабардар эмес болгонун жакындары белгиледи.

Дагы караңыз "Үч баласы бар, апасы ооруп жатат". Гезит дизайнери пикир үчүн алты жылга соттолду

Жээнтаев 2-3 гезиттин дизайнери болуп көп жылдан бери иштеп келаткан. Соцтармактагы баракчасында кымбатчылык, “Кумтөр” кенин улутташтыруу өңдүү маселелерге байланыштуу постторду жазып турган. Анын бир иниси жана бир карындашы, жашы жете элек үч баласы бар.

Фейсбуктагы посттору үчүн ал өткөн жылдын соңунда кармалган. Соттук-лингвистикалык экспертиза анын постторунда "жапырт башаламандыкка чакырык бар" деген корутунду чыгарып бергенден кийин милиция эки берененин негизинде иш козгогон. (KS)

Дагы караңыз

Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Жээнтаевге апасынын жаназасына баруусуна уруксат суралуудаСадыр Жапаров ишкерлерди негизсиз текшере берүүнү токтотуу талабын койдуПрезидент Жапаров мамлекеттик кызматтагыларды саясий оюндардан оолак болууга чакырдыДанияр Амангелдиев Евробиримдиктин өкүлү менен санкция маселесин талкуулады