Депутат "Көлфест" фестивалына тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев быйыл жайында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык "Көлфест" фестивалын өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады.

Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 2-марттагы жыйынында билдирди.

Сагынаев аталган иш-чара "кыргыздын улуттук баалуулуктарына туура келбейт" деген негизде ага жол бербөө боюнча ИИМден жана Маданият министрлигине кайрылды.

"Бир нече жыл мурда биздин биздин каада-салтыбызга, нарк-нисилибизге, маданиятыбызга терс мааниси бар көрүнүштөр менен фестивал өткөн. Жергиликтүү тургундар жана фото, видео далилдер боюнча биздин улуттук кийим калпак, элечек, чепкенди жылаңач денесине кийип, бийлеп биздин наркыбызга жат иш-чара болгон. Андан кийин жыйнаган учурда баңгизат колдонулган ийнелер табылган", - деди Сагынаев.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мыйзамга каршы келген нерселерге чара көрүлүп, коопсуздукту карай турганын билдирди.

Фестивалдын уюштуруучуларынын бири Чыңгыз Батырбеков депутаттын айткандарын төгүндөп, "Көлфест" мамлекеттик мекемелер менен макулдашылып өткөрүлүп келгенин "Азаттыкка" билдирди.

"Мындай иш-чараларды милиция өзү көзөмөлдөп турат. Башка күч түзүмдөрү дагы карап, текшерип кетишет. Жергиликтүү бийлик менен чогуу иштешебиз. Эгер депутат айткан нерселер чыкса иш козголот эле. Таштандыны иргөөгө байланыштуу экологиялык саясатыбыз бар. Бул багытта ыктыярчылар иштейт. 2025-жылы дүйнөнү кыдырып, Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берип, инвесторлор менен жолугуп келдик, эки жолу сынактын жеңүүчүсү болдук. Негизи фестивалга 30 мамлекеттен өкүлдөр катышат, 20 өлкөдөн музыканттар келет."

Музыка, искусство, креативдүү тармактын өкүлдөрүнүн "Көлфест" эл аралык фестивалы Ысык-Көл облусунун аймагында 2019-жылдан бери өтүп келет. Быйылкы, алтынчы иш-чара 24-26-июлга белгиленген. (КЕ)

Дагы караңыз

Муфтият умрага барган ар бир жарандан комиссия алынып, имамдардын маянасына кошуларын билдирдиБУУнун Адам укуктары боюнча комитети журналист Болот Темировдун кайрылуусун карайтЭкологияга зыян келтиргендерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталуудаКемин-Бишкек жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты