200дөн ашуун тажик жараны Ирандан чыгып кетүү өтүнүчү менен кайрылды

Тажикстандын Ирандагы элчиси Низомиддин Зохиди

200дөн ашуун Тажикстан жараны Ирандан чыгып кетүү өтүнүчү менен элчиликке кайрылды. Бул тууралуу 2-мартта Тажикстандын Ирандагы элчиси Низомиддин Зохиди «Озоди» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, тажик жарандарынын бир бөлүгү Иранга соода, туризм жана дарылануу максатында барган. Аба мейкиндиги жабылгандан кийин алардын көбү мекенине кайтууну каалаган.

«Азыркы тапта элчиликке 200дөн ашуун адам кайрылды. Айрымдары Азербайжан аркылуу кайтууну каалашууда. Ирандын Хорасан аймагында жүргөндөр Түркмөнстан аркылуу чыгып кетүүнү пландап жатышат. Биз керектүү тизмелерди даярдап, Түркмөнстан жана Азербайжандын элчиликтери менен биргеликте координациялык иштерди жүргүздүк. Кечээ 15 жараныбыз Азербайжан менен чек арадан өтүп, Бакуга жөнөп кетишти. Бүгүн Иран менен Түркмөнстандын чек арасындагы Серахс өткөрмө бекети аркылуу болжол менен 50 адам чыгып кетүүгө камданып жатат», — деди Зохиди.

Элчиликтин маалыматына ылайык, учурда Иранда жалпысынан 300дөй Тажикстан жараны бар.

Элчи акыркы окуялардан улам тажик жарандарынын эч кимиси жабыркабаганын белгиледи. Анын айтымында, Иранда дарыланып жаткан бейтаптардын абалы канааттандырарлык, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүк алардын мекенине кайтуусуна көмөк көрсөтүп жатат.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ирандын президенти Масуд Пезешкианга өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана бир катар расмий адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Катта Рахмон терең кайгыруу билдирип, Хаменеинин Тажикстан менен Ирандын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүдөгү ролун белгиледи жана тажик эли боордош Иран менен тилектеш экенин айтты. Ошол эле учурда жарыяланган маалда Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы көңүл айтуунун текстин расмий түрдө жарыялаган эмес.

Израил менен АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Жооп катары Иран Израилди гана эмес, аймактагы башка өлкөлөрдү да аткылай баштаган. Тегеран израилдик объектилерди жана америкалык аскер базаларын мыйзамдуу аскердик буталар деп эсептей турганын билдирген.

Дагы караңыз

Гросси: Ирандын өзөктүк объектилери соккуга кабылганы тууралуу маалымат жокМИК "Азаттыктын" каарманы курьер келинге батир тапшырдыОрусияда таанымал ишкер Жабраилов өз өмүрүн кыйганы кабарланды