Министрлер кабинети Financial Times басылмасынын “Кыргызстан Евробиримдиктин кара тизмесине кире турган болсо, сотко даттанат” деген маалыматы тууралуу түшүндүрмө берди. Басылмага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев санкцияга байланыштуу маек берген. Өкмөттүн басма сөз кызматы Европа биримдигине каршы кандайдыр бир соттук териштирүүлөрдү баштоо ниети жок экенин белгиледи.
Анда Кыргызстан өзүнүн мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганы, санкциялык режимдердин сакталышы боюнча маселелерди өнөктөштөрү менен диалог аркылуу жөнгө салары жазылган.
“Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен болгон байланыштарда талкуулар жол-жоболордун ачыктыгына, маалымат алмашууга жана жөнгө салуучу механизмдерди андан ары чыңдоого багытталган. Соттук же тирешүү чаралары биздин мамилебиздин бир бөлүгү болуп саналбайт. Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен конструктивдүү өнөктөштүккө жана келип чыккан ар кандай маселелерди белгиленген укуктук жана дипломатиялык механизмдердин алкагында жөнгө салууга умтулат”, - деп жазылган билдирүүдө.
Өкмөт Орусияга каршы киргизилген санкцияларга байланыштуу Евробиримдикке каршы сотко кайрылуу ниети жоктугун тактады.
Мунун алдында Financial Times басылмасы Амангелдиевге шилтеме берип, Евробиримдик Кыргызстанды Орусияга санкцияны кыйгап өтүүгө жардам берген деген кине менен “кара тизмеге” киргизсе, расмий Бишкек сотко даттана турганын жазган.
25-февралда Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Амангелдиев Бишкек тышкы экономикалык операциялардын ачык-айкындуулугун жана каржылык байкоо жүргүзүүнү улам күчөтүп жатканын билдирген.
Жолугушууда кыргыз тарап тобокелдиктер боюнча түшүнүктүү механизмдерди түзүп, аны баалоодо бирдиктүү критерийлерди, жол-жоболорду кабыл алып, бул багытта ишенимдүү, текшерүүдөн өткөн маалыматтарды пайдаланууну сунуштаган.
Европа Биримдиги Кыргызстанга санкция киргизүүнү караштырып жатканын америкалык Bloomberg маалымат агенттиги 30-январда жазган. Басылма Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында орус мунайынын баасын чектөөнүн ордуна аны деңизде ташууга тыюу салууну караштырып жатканын билдирген.
Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.