“Кыргызстанга кете албай жатабыз”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн жарандар Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Айрымдары мейманканаларда түнөп, кошумча чыгым болууда.Тышкы иштер министрлиги аймактагы кыргызстандыктарга жардам көрсөтүлүп жатканын билдирип, коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Бул аралыкта Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши чукул жыйын өткөрүп, согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта калган жарандарды мекенге кайтаруу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.