Зеленский Жакынкы Чыгышка дрон боюнча адистерди жөнөтүүгө даяр экенин жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө кайрылып, эгер бул аймактын лидерлери Владимир Путинди Украинада жок дегенде бир айлык ок атышууну токтотууга көндүрө алса, Киев дрон боюнча өз адистерин аларга жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Bloomberg News агенттигине маек берип жатып айткан.

Зеленскийдин айтымында, Украинада төрт жылдан бери уланып жаткан согуш Киевге дрондорду атып түшүрүү боюнча өзгөчө тажрыйба топтоого шарт түздү. Алардын көбү Иранда чыгарылган «Шахед» учкучсуз учактары болгон. Азыр Иран бул дрондорду Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Сауд Арабиясынын аймагына чабуул жасоодо колдонуп жатат.

«Мен мындай сунуш кылат элем: Жакынкы Чыгыш лидерлеринин Орусия менен мамилеси жакшы. Алар орустардан жок дегенде бир айга ок атышууну токтотууну сурана алышат. Эгер согуш токтотулса, биз дрондорду атып түшүрүү боюнча эң мыкты операторлорубузду Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жөнөтөбүз»», — деди Зеленский.

Анын сөзүнө караганда, тынчтык келишими бир айга гана эмес, эки айга же эки жумага да жарыяланышы мүмкүн. Бул убакыт аралыгында Украина Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө жай тургундарды коргоого жардам бере алмак.

Буга чейин Британиянын премьер-министри Кир Стармер украин адистерин тартууну пландап жатканын айткан. Анын билдирүүсүнө ылайык, украин жана британ адистери биргелешип Перс булуңундагы өлкөлөргө ирандык дрондорду атып түшүрүүгө жардам бере алышат.

Израил менен АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Жооп иретинде Иран Израилди гана эмес, аймактагы башка өлкөлөрдү да бутага ала баштады. Тегеран Израилдин объектилерин жана АКШнын аскер базаларын мыйзамдуу аскердик бута деп эсептей турганын билдирген.

Бирок аскердик объектилерден тышкары, Иран энергетикалык инфраструктурага да сокку урган. Анын ичинде Катардын Qatar Energy компаниясынын объектиси жана Сауд Арабиясындагы Saudi Aramco мунай иштетүүчү заводу бар.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Омандан эки учак менен 300 кыргызстандык чыгарыларын айтты CENTCOM: Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командалык борборлору жок кылындыМинистрлик Кыргызстанда шарп ылаңы катталганын ырастап, абал туруктуу экенин билдирди