Ош шаарында үч эм төрөлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

20-февраль күнү Оштогу облус аралык оорукананын төрөт стационарында үч эм кыз төрөлдү. Ымыркайлар 1800, 2220 жана 2320 г салмак менен төрөлүшкөн. Азыркы учурда баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу 3-мартта Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ымыркайлардын энеси - 22 жаштагы Мавлюда Бердигулованын да саламаттыгы канааттандырарлык, эне жана балдар дарыгерлердин кароосунда.

Үч эм кыз быйылкы жылы Ош облус аралык ооруканасында төрөлгөн алгачкы үч эм. Оорукананын төрөт стационарында буга чейин 1 жылдын ичинде 5-10 эне үч эм төрөгөн учурлар болгон.

Наристелер жана апасы 4-март күнү үйүнө чыгаруу үчүн даярдалууда.

Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары быйыл январь айында толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген. Ага жалпы 88 млн сом сарпталганы кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Ирандын Бишкектеги элчилигинин алдында соккуларда каза тапкандарды эскерген митинг уюштурулду Кызыл Ай коому: Иранда төрт күндө 787 адам каза тапты Кыргызстанда катализатору жок автоунааларды каттоого тыюу салуу сунушталдыАбактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын маалымдады Американын Эр-Рияддагы элчилиги дрон чабуулуна кабылды