Трамп Иран тарап сүйлөшүүнү сунуштаганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Иран сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаганын, бирок ал «өтө кеч» деп жооп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 3-мартта Truth social социалдык тармагына жазды.

«Алардын абадан коргонуу күчтөрү, аскердик аба күчтөрү, деңиз күчтөрү жана жетекчилиги жок болду. Эми сүйлөшкүлөрү келип жатат. Мен “Өтө кеч!” дедим», — деп жазды.

Ал Иран өкүлдөрү сүйлөшүүнү качан сунуштаганын тактаган жок.

Трамп 2-мартта The Atlantic басылмасына берген интервьюсунда Ирандын жаңы бийликтери сүйлөшүү ниетин билдирип, өзү да диалогго даяр экенин айткан эле.

"Алар сүйлөшүү ниетин билдиришти, ошондуктан мен алар менен сүйлөшөм. Мурдараак ошентишсе болмок. Эртерээк эле ыңгайлуу жана жеңил жагын эске алып сунуш кылышса болмок. Өтө узакка созулуп кетти", - деген эле Америка президенти.

28-февралда Израил менен АКШнын Иранга биргелешкен чабуулу башталган. Вашингтон операциянын максаты Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына байланышкан коркунучтун алдын алуу экенин билдирген.

Өз кезегинде Иран Израилдин аймагына жана АКШнын аскер базалары жайгашкан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку урууну улантып жатат.

Дагы караңыз

FT: Израилдин чалгын кызматы Хаменеини Тегерандагы жол камералары аркылуу аңдыганСауд Арабиясынан Кыргызстанга аба каттамдары жандана турган болдуБШК депутат Эргешовдун соттуулугун тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылды