Кыргызстанда күйүүчү май көйгөйү жоктугу айтылды

Иллюстрация сүрөт.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Монополияга каршы тескөө кызматы 4-мартта өлкөгө күйүүчү май ташыган ири мунай компаниялары менен жолугушуп, күйүүчү май менен камсыздоо абалын талкуулады. Мекеме 5-мартта маалымдаганына караганда, Кыргызстанда алдыңкы эки айга жетерлик күйүүчү май запасы бар.

Мунай ташуучулар Орусиядан күйүүчү май мурда бекитилген график боюнча үзгүлтүксүз келип жатканын билдиришти.

Жолугушууга "РН-Кыргызмунайазык", "Партнер нефть", "Альфа Ойл" жана башка мунай ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун аягында Монополияга каршы тескөө кызматы мунай ташуучулардан күйүүчү майдын азыркы чекене баасын кармоо, кескин кымбаттап кетүүсүнө жол бербөө жана таңкыстыкты алдын алуу милдетин койду. Ишкерлер жыл аягына чейин күйүүчү май базарын үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин аткарууга даярдыгын билдиришти.

Быйыл январь айында күйүүчү майдын чекене баасы 1 литрине орточо 3 сомго арзандаган. Мисалы, азыр А-95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 78-79 сомдон сатылып жатат. Бирок мындан аркы баа Орусиянын мунай иштетүүчү заводдору койгон баага түз көз каранды болору айтылды.

Күйүүчү майды Кыргызстанга бажы төлөмсүз ташуу эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлүп келет.

Күйүүчү май Кыргызстанда былтыр жай айларынан тартып кымбаттаган. Июнь айында А-95 үлгүсүндөгү бензин 73 сом болсо, ноябрда 81-82 сомго көтөрүлгөн. А-92 үлгүсүндөгү бензин 76-77 сомго, дизел 80-81 сомго чыккан.

Баа кымбатташы Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү бир нече завод Украинанын дрон чабуулунан улам иштебей калганы менен түшүндүрүлгөн.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштап, ракеталар менен аткылаган. Ага жооп кылган Тегеран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына ракеталарын учурган. Муну менен катар Перс булуңундагы Ормуз кысыгын бөгөттөп салган. Учурда булуң аркылуу Жакынкы Чыгыштын мунайын ташуу токтоп турат.

Мунай экспорттоочу мамлекеттердин ОПЕК уюму жаңжал башталгандан бери бир жумага жетпеген убакта мунайдын эл аралык рыноктогу баасы 16% өскөнүн билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Түркияда дагы бир өзбекстандык аял киши колдуу болгону кабарланды"Жоопкерчилик шайлоочунун өзүндө". Депутаттын соттуулугу тууралуу арыз каралууда Журналист Тажибек кызы абактан кат жазып, тилектеш адамдарга ыраазычылык билдирдиӨКМ башчысы Өзгөндөгү окуядан улам элди өрт коопсуздугун сактоого чакырдыАзамат Марипов үч жылдык пробация менен абактан чыкты