Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Нахичеван аймагына жасалган дрон чабуулду "террордук аракетке" теңеди.
«Ирандын бийлиги Азербайжан тарапка түшүндүрмө бериши керек. Расмий кечирим суралышы зарыл жана бул террордук аракетке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш», — деди Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-мартта учкучсуз аппараттардын бири Нахичеван аэропортуна тийип, имаратка зыян келтирилген. Экинчи дрон Шекерабад аймагындагы мектептин жанында кулаган.
Мекеме бул чабуулду айыптап, ал аймактагы чыңалууну күчөтөрүн билдирди.
Окуяга байланыштуу Ирандын Азербайжандагы элчиси ТИМге чакырылып, түшүндүрмө талап кылынган.
«Азербайжан жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырат», — деп билдирди министрлик.
Азербайжан Израилге мунай жеткирген негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ал эми Израил көп жылдан бери Баку үчүн негизги коргонуу өнөктөштөрүнүн бири болуп келет. Көпчүлүк азербайжандыктар Израилди ишенимдүү өнөктөш катары көрүшөт. Анткени Тоолуу Карабак аймагын Армениядан кайра кайтарып алуу кампаниясы учурунда Израил Азербайжанга маанилүү аскердик жабдууларды берген деп эсептелет.
Израил менен соода жана коргонуу тармагындагы байланыштарына карабастан, Азербайжан бийлиги өлкөнүн аймагы же аба мейкиндиги коңшу Иранга же башка мамлекеттерге каршы аскердик операция жүргүзүү үчүн колдонулбай турганын бир нече жолу билдирген.
Европада жашаган көз карандысыз талдоочу Рауф Миргадиров Эркин Европа/Азаттык радиосуна берген маегинде бул окуяны ар башкача түшүндүрүүгө болорун айтты.
«Нахичеван аэропортуна жасалган бул дрон чабуулу же кокустук болушу мүмкүн, же болбосо аймактагы чыңалуу күчөп жатканынан кабар бериши ыктымал», — деди ал.
Анын айтымында, азыркы учурда Ирандын Азербайжанга сокку уруусуна негиз жок. Ал ошондой эле Иранда миллиондогон азерилер жашарын белгиледи.
«Тегеран аларды нааразы кылууну каалабайт», — деп кошумчалады Миргадиров.