Украинанын Харьков аймагына орус аскерлеринин ракеталык чабуулунда улам мерт болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу 8-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграм каналына жазды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 7-мартка караган түнү баллистикалык ракета беш кабаттуу турак үйгө тийген. Алгач жети адам каза болуп, 15 адам жаракат алганы кабарланган. Мерт болгондордун экөө жаш балдар.
Куткаруучулар урандыларды тазалоону улантууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, уранды астында калган адамдар болушу мүмкүн.
Харьковдун Киев районунда ракеталык аткылоодон жалпысынан 19 көп кабаттуу үй жабыркады. Мындан тышкары, мектеп жана соода жайлары зыян тартты.
Ишембиге караган түнү орус аскерлери Киевге да ракеталык сокку урушту. Шаардын мэри Виталий Кличконун айтымында, үч райондо ракеталардын сыныктары түшкөн. Жабыркагандар жок.
Одесса облусунда орус дрондору инфратүзүмдүк объектилерге чабуул жасап, ал жерлерде өрт чыкканын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Запорожьеде орус күчтөрүнүн аткылоосунан улам көп кабаттуу үйдүн 30 батиринин терезелери талкаланып, үч айлык ымыркай кыз жараат алды.
Украина Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү билдиргендей, бир түн ичинде орус аскерлери Украинага 509 ракета жана дрон учуруп, анын 472си атып түшүрүлдү. 22 жерде тогуз ракета жана 26 дрондун тийгени катталды.
Орусия Украинанын Донецк облусунун түндүгүндөгү Краматорск шаарынын борборуна КАБ-500 авиабомбасын таштады. Облустук администрациянын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, кеминде алты адам жараат алды, алардын үчөө балдар.
"Донбасс.Реалии" кабарчысы Сергей Горбатенко билдиргендей, 12 көп кабаттуу үй, беш административдик имарат жана 22 унаа зыянга учурады. (ErN)