Орусия Украинага 117 дрон менен сокку урду

Соңку түнкү чабуулдардын кесепети. Харьков облусу, Украина. 8-март, 2026-жыл.

8-мартка караган түнү Орусиянын аскери Украинанын аймагына 117 дрон менен сокку урду. Бул тууралуу Украинанан Аба күчтөрү кабарлап, анын 98 атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Негизинен энергетикалык жана жарандык инфратүзүмдөр бутага алынган. Днепропетровск облусунун Никополь районунда дрондордун чабуулунан бир адам каза болду.

Днепропетровск облусунун Самаров районунда түнкү чабуулдардын кесепетин жоюу маалында орус аскерлери украин куткаруучуларына кайрадан сокку урган. “Өрт өчүрүүчү бир автоунаа талкаланып, дагы экөө зыян тартты” деп айтылат Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы.

Учкучсуз учактар мындан сырткары Харьков облусунун Чугуев районуна чабуул жасады. Жеке турак жай күйүп, үч адам жаракат алды. Мында да өрттү өчүрүүчү автоунаага дрон келип тийди, куткаруучулар жабыркаган жок.

Харьков облусундагы айылдардын бири орус чабуулунан улам 81 жаштагы жана 60 жаштагы эки адам курман болду.

Президент Владимир Зеленский кабарлагандай, соңку аптада Орусиянын күчтөрү Украинанын аймагына кеминде 1750 дрон менен, 1530 башкарылуучу бомба менен жана 39 ракета менен сокку урду.

7-мартка караган түнү баллистикалык ракета Харьковдогу беш кабаттуу турак үйгө тийген. Алгач жети адам каза болуп, 15 адам жаракат алганы кабарланган. Кийин курмандыктар 10го жеткени маалымдалды. Мерт болгондордун экөө жаш балдар. (ErN)