"Өкүмдөр жокко чыгарылсын, иш кайра каралсын". Жогорку сот Тажибек кызы боюнча чечимин жарыялады

Махабат Тажибек кызы 2024-жылы тергөө абагында отурганда сабалганын айтып, сүрөттөрүн жарыялаган. Архик сүрөт.

Жогорку сотто 10-мартта журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу отурум өттү. Алгачкы отурум 2-февралда эле өтмөк. Демократия жана сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдар аны бошотууга чакырууда. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин билдирүүдө.

"Буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылсын"

Эркин журналисттик иликтөө менен алектенген кабарчы, Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашуун убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөр жокко чыгарылды. Мындай чечим 10-мартта Жогорку сотто кабыл алынды.

Жогорку соттун жарыялаган бүтүмүндө Тажыбек кызынын жактоочусу Аргымбаеванын жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылсын деп айтылды. Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 10-октябрындагы, Бишкек шаардын сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы өкүмдөрү, Жогорку соттун коллегиясынын 2025-жылдын 25-февралындагы токтому да жокко чыгарылды.

"Кылмыш иши Ленин райондук сотуна башка курамда жаңыдан кароо үчүн жиберилсин. Токтом акыркы, даттанууга жакпайт", - деп жарыяланды.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Жогорку соттун чечимин кубаттап, төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:

"Бүгүнкү чечим Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сактоого, коргоого жана аткарууга жасалган кандайдыр бир кадамын көргөзгөндөй болду. Мындан ары ушул кадамдардан тайбай, иш биринчи инстанцияга жеткенде да акыйкат каралса Махабат боштондукта болот".

Соңку жылдары чет жакта жашаган журналист Лейла Саралаева Фейсбуктагы баракчасында Жогорку соттун чечимин сенсациялык жаңылык деп атады:

"Махабат боюнча бардык соттук чечимдердин жокко чыгарылып, иштин кайра кароого жөнөтүлүшү ал жаңы жараян өткөнчө бошотулушу керек дегенди билдирет. Логика боюнча ошондой да? Өкүмдөрү жокко чыгарылса аны камакта кармоого эмне себеп? Мен ошол учурду абдан күтүп жатам. Эгер аны коё беришсе жана акыры акташса, демек, 278-берене (Массалык башаламандыктар) менен соттолгон бардык журналисттердин реабилитация болуусуна, ал эми бозгунда жүргөндөргө Мекенине кайтуусуна мүмкүнчүлүк ачылат".

Ишти кайра карап чыгуу өтүнүчү

Махабат Тажибек кызынын иши боюнча Жогорку сотто алгачкы отурум 2-февралда өтмөк. Бирок андагы процессте иш боюнча материал көп экени айтылып, таанышып чыгууга убакыт керектиги белгиленген.

Андан кийинки, 3-мартка пландалган отурум 10-мартка калган. Буга соттук коллегия мүчөлөрүнүн бири сыркоолоп калганы себеп болгонун журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева "Азаттыкка" билдирген.

Жогорку сот. Махабат Тажибек кызынын иши боюнча отурум алдында. 2026-жылдын 10-марты.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 10-марттагы сот саат 10:45те башталарын билдирген. Махабаттын жакындары, тарапташтары дал ошол убакытка Жогорку сотко барып, чогула башташты.

Отурум саат 14кө жакын башталды. Жогорку сот бул жараянды Ютубдагы баракчасында түз эфирде көрсөттү:

Отурумда адвокат Асел Аргымбаева соттук коллегиядан Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирди:

"Кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра карай баштоо жана Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралдагы токтомун жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч келтирем жана аны канааттандырууну суранам".

Өтүнүчтү канааттандыруу зарыл экенин экинчи адвокат Акынбек Ногоев да айтты:

"Анткени бул өтүнүч мыйзамдын талаптарына, Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык келет. Мындан тышкары, БУУга караштуу жумуш тобу берген өтүнүчтөрү жана кеңештери, эгер мамлекет эл аралык келишимдердин мүчөсү болсо, сөзсүз түрдө аткарылышы керек. Бул өтүнүч сөзсүз түрдө канааттандырылышы керек. Дагы бир айтып кете турган нерсе – БУУнун бул жумуш тобу иштеп келатканына 35 жыл болду, бул убакыт аралыгында эки гана жолу ушундай сунуштамасын берген. Биринчи сунуштама Түркияга байланыштуу болчу, аны сот канааттандырган. Экинчиси – Түштүк Корея, ал жакта да топтун сунушу каралып, чечим ошого жараша кабыл алынган. Азыр эми Кыргызстанга байланыштуу болуп, сиздерге өтүнүч келтирилди. Иштин жагдайы эл аралык деңгээлде такталып, тастыкталып калган. Махабат Тажибек кызынын укугу түздөн-түз бузулгандыктан өтүнүч канааттандырылат деп ойлойм".

Тажибек кызынын апасы Гүлистан Сатыбалдиева "Азаттыкка" курган чакан маегинде соттон акыйкат чечим чыгышын күтүп жатканын, уулу ата-энесин сагынганын айтып берди:

"Февралдын жыйырмаларында баласы менен чогуу барып жолукканбыз. Абалы тууралуу сурасак жакшы деп коет... Негизи Махабат мени сарсанаа болбосун деп көп деле нерсе айта бербейт. Баласы "Апам эртерээк чыкса болот эле" деп калат сүйлөшкөнүбүздө. Кайсы бала болбосун, албетте, ата-энесин сагынат да. Сот актап чыгарып берсе экен деп үмүттөнүп отурабыз".

Тажибек кызынын абакта отурганына эки жыл болду. Жараянга Махабаттын жакындары, укук коргоочулар, журналисттер, Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн айрым элчилери келди.

Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенеси Гүлистан Сатыбалдиеванын колунда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк ал топ кыргыз бийлигине бир нече кишини, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУ тобунун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

34 жаштагы журналист сотто чегерилген алты жылдык жаза мөөнөтүн Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында өтөп жатат.

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаганда Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга турганы жазылган. Уюм бул баяндамасында Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" долбоорлорунун кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштерине да көңүл бурган.

"Өкүм жокко чыгарылууга тийиш”

Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму, Журналисттерди коргоо комитети жана дагы жети эл аралык уюм Кыргызстандын Жогорку соту Тажибек кызынын ишин караганы жатканын билдирип, журналистти бошотууга жана ага тагылган айыпты алып салууга үндөшкөн

AI уюмунун 30-январда таратылган "Кыргызстандын бийлиги журналист Махабат Тажибек кызын бошотуп, анын мыйзамсыз өкүмүн жокко чыгарышы керек" деген билдирүүсүн жарыялаган.

Анда уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс буларды белгилеген:

Мари Стразерс

“Кыргызстандын бийлиги алдында так жана качып кутулгус тандоо турат: же адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарат же аларды көз жаздымда калтыра берет... Махабат Тажибек кызынын өкүмү жокко чыгарылууга, ал дароо кое берилүүгө жана укуктары бузулганы үчүн кенемте алууга тийиш”.

Стразерс Махабат Тажибек кызынын камакта кала бериши "Кыргызстанда өз оюн эркин билдиргендерге адам укуктарын бузууну жана коррупцияны чагылдыруунун куну өз эркиндигиң болушу мүмкүн деген ишарат кыларын" кошумчалаган.

30-январда эл аралык абройлуу укук коргоочу жана басма сөз эркиндигин жактаган башка да уюмдар билдирүү жарыялап, журналистти боштондукка чыгарууга чакырган.

“Журналисттерди коргоо комитети”, “Чек арасыз кабарчылар”, “Эл аралык пресса институту”, “Норвегия Хелсинки комитети”, “Евразия эркиндиги”, “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Араминта” жана “Жарандык укуктарды коргоо уюму” жарыялаган биргелешкен билдирүүдө алар башынан эле журналисттин кармалышын негизсиз, аткаминерлер арасындагы паракорлукту иликтегени үчүн "өч алуу" деп баалашары белгиленген:

"Бийлик маалымат каражаттарына чыккан материалдарда тополоңго чакырык жасалганын аныктай алган эмес, макалалар башаламандыкка “алып келиши мүмкүн эле” деп билдирген. Клунинин TrialWatch демилгеси Тажибек кызынын жана кесиптештеринин адилет соттук териштирүүгө болгон укуктары одоно бузулганын аныктады".

Жогорудагы уюмдардын пикиринде, президент Садыр Жапаров баш болгон Кыргызстандын жогорку бийлиги өкүм чыккыча эле журналисттерди "айыптуу" деп атаганы күнөөсүздүк презумпция принцибин бузган.

Дагы караңыз "Бир далили жок чечим чыкты". 11 журналисттин өкүмү, коомдогу сын

Укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүндө Тажибек кызы менен Болот Темировдун уулу Азат Темировго байланыштуу да камтама айтылган.

"Жашы жете элек баланы башка бирөөлөргө камкордукка берүү көз карандысыз журналисттерге басым көрсөтүүнүн жийиркеничтүү инструменти болуп эсептелет. Кыргыз бийлиги аны алдын алууга тийиш", - деп белгилеген медиа уюмдар.

Буга чейин Темиров абактагы жубайына уулун "балдар үйүнө өткөрүп саларын" айтып коркутушканын маалымдаган.

2024-жылдын аягында Тажибек кызына өкүм чыгарып жатканда сот баланы камкордукка алуу маселесин чечүүнү социалдык өнүктүрүү мекемесине тапшырган.

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар"

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин кайрадан кайталаган. "Кабар" маалымат агенттигине 29-январда курган кыска маегинде ал жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин эле билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын айткан. Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоону эскерткен:

Садыр Жапаров

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт. Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат”.

Дагы караңыз Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырууда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Президент блогерлер да, журналисттер да өз ишин эркин алып бара аларын айтып, алардын жоопкерчилигин эске салды. Бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына барууну сунуштаган.

Бишкектеги борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады.

Иштин таржымалы

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.

Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 28-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген жана бул ишке байланыштуу комментарий берген.

"Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп, социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деген Жапаров.

ИИМ шектүүлөр алгач кармалганда алардын үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн, социалдык түйүндөрдөгү Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” баракчаларында жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдар чыкканын жүйө келтирген. Ал материалдарды ИИМдин Тергөө кызматы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган, жыйынтыгында башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз Темиров: Бизде башаламандыкка чакыруу болгон эмес

Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2024-жылы “Азаттыкка” маек куруп, бийликтеги ким болбосун, алардын "ишине карап баалап, туура эмес иштерди кылып жатса, анын бардыгын иликтеп, коомчулукка көрсөтүп жүрөбүз" деп айткан. Соттук териштирүүлөрдү ал:

"Биздин иликтөөлөргө алардын жообу. Жооп дагы кылбай, эптеп оозубузду басканга аракет кылып жатышат", - деп атап, сындаган.

2022-жылы ноябрда Темиров Бишкектин Свердлов райондук соту аны маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган.

2025-жылы 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту KLOOP, Temirov LIVE жана "Айт, айт десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

Аталган медиалар бийликтеги коррупцияны, мыйзамсыз иштерди ашкерелеген, ачык айтканы үчүн куугунтукка кабылганын билдирип келишет.