Ташиев тартылган талаштуу тасма | Жаңылыктар | 10.03.2026

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Депутат Шаирбек Ташиев менен экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулу сүйлөштү делген тасма талкуу жаратты. Камактагы журналист Махабат Тажибек кызына карата чыккан өкүмдөрдү Жогорку сот жокко чыгарды. Ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү. Дональд Трамп Ирандагы аскердик операция “жакын арада аяктарын” билдирди. Бул арада Режеп Тайып Эрдоган Ирандын баллистикалык ракетасынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуп киришин кескин сындады.