БУУ: Согуш башталгандан бери Ливанда 84 бала каза тапты, 667 миң киши жер которду

Бейруттун четиндеги конуш Израилдин бомбалоосунан кийин. 7-март, 2026-жыл

Жакынкы Чыгыштагы согуш жайылгандан бери Ливандагы гуманитардык кризис тереңдеп, 84 бала каза тапты, 667 миң киши жер которууга мажбур болду. Бул тууралууу шейшембиде БУУнун эки агенттиги билдирди.

Өткөн аптада Тегеран режими колдогон Хезболла согушкер уюму Израилге ракета менен дрон ата баштаганда ЦАХАЛ алардын Ливандагы буталарын бомбалоого киришкен.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, 486 киши набыт болду, 1313 киши жараат алды, алардын 259у жашы жетелек балдар.

“Жаңжалдын башталганына жети күн гана болгондо кеминде 100 бала өмүр менен кош айтышканын көрүп жатабыз”, - деп билдирди ДССУнун Ливандагы өкүлү Абдинасир Абубакар. Анын айтымында, Бейрут өңдүү чоң шаарларга сокку урулгандыктан көп курмандыктарга күбө болуп жатабыз. Абубакар Хезболланын инфраструктурасын аткылаганын айткан Израилдин аба соккулары карапайым кишилердин өмүрлөрүн тобокелге кептеп жатканын белгиледи.

ЦАХАЛ Ливандын түштүгүнүн жана Бейруттун эл жыш жашаган конуштарынын тургундарына жер которуу көрсөтмөсүн берип келатат. Буга байланыштуу жума күнү БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары эл аралык мыйзамдар бузулган болушу ыктымал деген камтамасын билдирген.

Дагы караңыз

"Өкүмдөр жокко чыгарылсын, иш кайра каралсын". Жогорку сот Тажибек кызы боюнча чечимин жарыяладыЖогорку сот журналисттин ишин кайра кароого жибердиМэр Жунушалиев Конгантиевдин мүлктөрү жөнүндө тараган видеого комментарий берди