Президент парламентке барды, Конгантиев кармалды | Жаңылыктар | 11.03.2026

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров парламентке келип, депутаттарды “элди бөлүп-жарбоого” чакырды. Ал УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, аларга карата арыз-даттануулар каралып чыгарын айтты. Бул арада депутаттык мандатынан ажыраган Куванычбек Конгантиев кармалды. Ал жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө. Иран АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөргө соккуларын улантууда.