Бишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимацияда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Буффет" ашканасынан тамактанган соң ууланганын айтып, ооруканага кайрылган адамдардын саны жыйырмага жетти. Бир киши оор абалда Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Маалыматты 12-мартта аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" ырастады. Анын сөзүнө караганда, акыркы эки күндө ашкана тамагына ууланган 20 киши кайрылды, 19у ооруканага жаткырылды. Башкы дарыгер жандандыруу бөлүмүндөгү адамдын абалы жакшыра баштаганын, 12-мартта жалпы палатага которулушу ыктымалдыгын кошумчалады.

11-март күнү ооруканага ууланганын айткан 13 адам кайрылган. Алардын экөө үйүнөн дарыланууга жиберилген. Калгандары стационарга жаткырылган.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жүргүзгөн териштирүүнүн натыйжасында бейтаптар "Буффет" ашканасында тамактанган соң өзүн жаман сезишкени маалым болгон. Санэпидем кызматы 11-марттан тартып Байтик баатыр 18 дарегиндеги "Буффет" ашканасы убактылуу жабылганын, компанияга 23 миң сом айып пул салынганын кабарлады. Учурда эпидемиологиялык иликтөө уланып жатат.

"Буффет" ашканалар тармагы азырынча бул маалыматка комментарий бере элек. Аталган компаниянын Бишкекте он чакты ашканасы күнү-түнү иштейт. Компаниянын аталган даректен башка филиалдары учурда кадимкидей иштеп жатат.

Кыргызстанда жарандар коомдук тамактануучу жайлардан, тез татым жайындагы тамак-ашка ууланган учурлар арбын катталат.

Январдын ортосунда Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактан ууланып, 23 адам ооруканага кайрылган.

Былтыр күз мезгилинде борбор калаадагы Сейтек STEM менчик мектебинде 84 адам - 80 окуучу жана төрт мугалим тамакка ууланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Чүйдө күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалдыКудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү"Социалдык келишим" долбооруна жыл башынан бери 1825 арыз берилди"Агентство" АКШдан депортацияланган орусиялыктар Молдовада калганын жазды"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады