Милиционерди уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерин уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 12-мартта аталган милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБне 11-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде коңшулардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирме келип түшкөн. Анын негизинде милиция кызматкери көрсөтүлгөн дарекке барган.

"Окуянын жагдайларын тактоо учурунда аталган үйдүн лифтинен белгисиз жаран чыгып, күтүүсүздөн милиция кызматкеринин бетине урган. Натыйжада кызматкердин көз айнегинин айнеги сынып, сыныктары көзүнө кирип кеткен. Оң көзүнүн төмөнкү кабагына жаракат келтирилген. Жабыркаган милиционер оорукананын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген", - деп билдирди милиция.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 21 жаштагы К.Н. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Милиция укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзамсыз аракеттерди жасоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимациядаЧүйдө күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалдыКудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү"Социалдык келишим" долбооруна жыл башынан бери 1825 арыз берилди"Агентство" АКШдан депортацияланган орусиялыктар Молдовада калганын жазды