ЖК Боршайкомдун мүчөлөрүнүн санын кыскартууну 1-окууда колдоду

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеӊеш 12-марттагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Документке ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев долбоор чыгымды азайтуу жана Боршайкомдун ишин ыкчам алып баруу үчүн иштелип чыкканын айтты. Ал БШКнын 12 мүчөсү чогулбай, кворум болбой калган учурлар бар экенин билдирди.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров буга чейин эгерде Боршайкомдун мүчөлөрүнүн саны кыскартылса 2 миллион сомдун тегерегинде каражат үнөмдөлөрүн айткан.

Мыйзам долбоорун депутаттар Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Таалайбек Масабиров жазган.

БШКнын азыркы курамы 2021-жылы июнда бекитилген. (BTo)

Дагы караңыз

Милиционерди уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды Бишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимациядаЧүйдө күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалдыКудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү"Социалдык келишим" долбооруна жыл башынан бери 1825 арыз берилди"Агентство" АКШдан депортацияланган орусиялыктар Молдовада калганын жазды"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады