"Сезим" борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскуловага БУУнун эстелик белгиси тапшырылды

Бүбүсара Рыскуловага эстелик белгисин тапшыруу. Нью-Йорк, 2026-жылдын 13-марты.

"Сезим" кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» деген эстелик белгисине татыды. Эстелик белгисин тапшыруу салтанаты БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан сессиясы алкагында 13-мартта тапшырылды.

Бул сыйлык менен кыргызстандык аялдардын укугун коргоо кыймылынын ардагери Рыскулованын аялдардын укугун жана ар-намысын коргоо ишине арнаган көп жылдан берки эмгеги белгиленди.

Рыскулова дээрлик 30 жыл мурда Кыргызстанда аялдар үчүн алгачкы кризистик борбор ачып, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана аял укугун коргоо кыймылынын баштоочуларынын бири болгон. Анын демилгесин жана коомдук ишмердүүлүгүн улай өлкө аймагында башка да кризистик борборлор уюштурулуп, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин көйгөйүнө коомчулуктун көңүлү бурула баштаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегация бул күндөрү Нью-Йоркто Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясына арналган иш-чараларга катышууда. (RK)

Дагы караңыз

ИИМдин жетекчилиги журналист Арстанбековага козголгон иш боюнча комментарий бердиБылтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан13-марттын аба ырайы: Жаан-чачын жаабайт"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады