Украинада дрон соккусунан 15 жаштагы кыз, Орусияда айдоочу каза болгону кабарланды

Украина. 2026-жылдын февраль айы.

Украинанын Чернигов облусунда 12-мартка караган түнү Орусиянын чабуулунан 15 жаштагы кыздын өмүрү кыйылганын, анын ата-энеси жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Бул аймакка жарым түндө сокку урулуп, эки үй кыйраган.

Шаршемби күнү орус аскерлеринин абадан урулган соккусунан Запорожье облусунда жыйырма чакты үй жабыркап, кеминде 12 киши жараат алган.

Жалпысынан, бейшембиге караган түнү, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, өлкөнүн бир нече облусу Орусиянын 94 учкучсуз учагынын чабуулуна кабылды, алардын көбү Shahed дрондору болду.

Аба чабуулдарынан коргонуу күчтөрү Украинанын түндүгүндө, түштүгүндө жана чыгышында жалпы 77 дронду атып түшүрүүгө үлгүрүштү. 16 дрон 11 жерге түшкөн.

Ал тапта Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусунда, губернатор Вячеслав Гладковдун айтымында, Бессоновка кыштагында FPV дрон автомобилди бутага алып, сокку урду. Соккунун кесепетинен машинанын айдоочусу жеринен каза болду. Бул үчүн орус тарап украин аскерлерин айыптоодо.

Жалпысынан, Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 12-мартка караган түнү Украинанын 80 учкучсуз учагы кармалып, жок кылынды.

Дрондордун 30у Краснодар крайында, 14ү аннексияланган Крымда, 10у Ростов, бешөө Брянск, дагы бешөө Белгород, үчөө Курск облустарында кармалды. Кара деңиз, Азов деңизи, Калуга жана Воронеж аймактарында да учкучсуз учактар аныкталганы кабарланды. (RK)

Дагы караңыз

ИИМдин жетекчилиги журналист Арстанбековага козголгон иш боюнча комментарий бердиБылтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан13-марттын аба ырайы: Жаан-чачын жаабайт"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады