"Бактылуу аялдар көбөйөт деп ишенбесем жата бермекмин"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүбүсара Рыскулова – Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоо кыймылынын башында турган, 30 жылга жакын убакыттан бери “Сезим” аялдардын кризистик борборун жетектеп келаткан инсан. Белгилүү укук коргоочу Бириккен Улуттар Уюмунун “Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн” сыйлыгын алды. Дүйнөлүк сыйлык 12-март күнү Нью-Йорк шаарында Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде тапшырылды. Сыйлыкты тапшыруу аземине кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү да катышты. "Азаттык" укук коргоочу менен байланышып, ат жалында маектешти.