Орусия 14-мартка караган түндө учкучсуз учактар менен Краснодар крайындагы "Кавказ" портуна коюлган чабуул үчүн украин аскерлерин айыптоодо. Краснодар крайындагы ыкчам штаб маалымдагандай, үч адам жаракат алды, "техникалык кеме" жабыркады. Пирсте өрт чыгып, өчүрүлгөнү, жаракат алгандар ооруканага жеткирилгени кабарланды.
Ыкчам штаб ошондой эле мурдараак соцтармактарда жазылып жаткан Афип мунай иштетүүчү заводуна жасалган чабуулдан өрт чыкканы тууралуу маалыматты ырастады. Жабыркагандар жок, "техникалык жабдуулар күйгөнү" кабарланды. Ал жердеги өрт температуранын чектен ашуусун дээрлик реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп турган NASA FIRMS мониторинг сервисинин интерактивдүү картасына жазылып алынган.
SHOT Телеграм каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып Краснодар крайында жарылуулар түнкү саат 1:00 чамасында башталганын, ар кайсы аймакта жалпы ондон ашуун жарылуу болгонун жазды. OSINT анализ басылмасы түнкү чабуул учурунда украиналык дрондордун бири Краснодардын түндүгүндөгү "Архитектор" турак жай комплексине түшкөнүн көрсөттү.
"Кавказ" порту да, Афип мунай иштетүүчү заводу да буга чейин да бир нече ирет украин дрондорунун чабуулуна кабылган. Айрым маалыматтарга караганда, ишембинин алдындагы чабуулга Тольяттидеги "КуйбышевАзот" заводу да кабылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 14-мартка караган түндө Украинанын 87 дрону жок кылынганын, анын 31и Азов деңизинин, 16сы Краснодар крайынын үстүнөн атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украина түнкү чабуул боюнча комментарий бере элек.