Ирандын футбол боюнча кыз-келиндердин курама командасынын дагы үч оюнчусу Австралиядан мекенине кайтып барууну чечти. Мунун алдында бир оюнчу өз өлкөсүнө кеткен.
Австралиянын ички иштер министри Тони Берк алардын өкмөтү ирандык оюнчулардын коопсуз келечегин камсыздоо үчүн бардык аракеттерди жасаганын, бирок алардын ындай оор чечим кабыл алууга мажбур кылган абалды өзгөртө албасын билдирди.
Мунун алдында Ирандын Спорт министрлиги бул маалыматты ырастаган жана "өлкөнүн футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын патриоттуулуугу душмандын планын жокко чыгарды" деп билдирген.
Башында жалпы жети ирандык футболчу кыз Австралияда калууну чечкен жана аларга гуманитардык виза берилгени кабарланган. Ушул тушта Австралияда үч ирандык футболчу айым калды.
Австралияда Азиянын чемпионаты АКШ менен Израил Иранга сокку урган күнү башталган. Ирандыктардын командасы алгачкы матчта улуттук гимнди аткарбай, унчукпай турганда аларды "чыккынчылар" деп аташкан. Бирок кийинки мелдештерде гимнди ырдап, патриоттук ишараттарды жасаганынан улам өздөрү же үй-бүлөлөрү кысымга туш болду дегендей кооптонуулар айтылган.
Ирандын Башкы прокуратурасы аялдардын улуттук футбол курамасын өлкөгө кайтууга жана "үй-бүлөлөрүнүн маселесине көңүл буруудан" сырткары "душмандардын кутумуна туруштук берүүдө алдыңкы катарда болууга" чакырган.