Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарындагы Кудайберген базарында 15-мартта эртең менен ири өрт чыкканын, ага жалпы алты топ тартылганын билдирди.
"Өрт саат 08:52де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Жабыркагандар, чыгаша-зыян тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, соңку беш жылда Кыргызстанда өрттөн 248 адамдын өмүрү кыйылды, бул аралыкта өлкөдө 19 миңге жакын өрт кырсыгы катталды.