Дубай аэропортунун жанында дрон чабуулунан мунай резервуары күйүп жатат

Дубай. 16-март, 2026-жыл

Дубайдын бийлиги эл аралык аэропортко жакын жерде "дрондорго байланышкан окуядан улам өрт чыкканын" кабарлады.

Маалыматка караганда, мунай резервуарларынын бири өрттөнүп жатат.

"Дубайдын жарандык коргоо командасы өрттү өчүрүү аракетин көрүп жатат. Азыркы учурга карата жабыркагандар тууралуу маалымат жок", – деп жазылган кабарда.

Аэропортто коопсуздукка байланыштуу учак каттамдары убактылуу токтотулуп, кийинчерээк айрым багыттар боюнча рейстер калыбына акырындап келтириле баштаганы кабарланды.

16-мартта эртең менен Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги абадан коргонуу күчтөрү Иран тараптан туулган ракета жана дрон коркунучуна жооп кайтарып жатканын билдирген. Мекеме жарылуунун добуштары "ракета жана учкучсуз аппараттарды кармоонун натыйжасы" экенин маалымдаган.

Израил менен АКШ Иранга каршы операциясын 28-февралда баштаган. Соккулардан Ирандын жогорку лидери, аятолла Алим Хаменеи баштаган башчылар өлтүрүлүп, аскердик жайлар, мунай кампаларына зыян келтирилген.

Буга жооп иретинде Иран АКШнын араб өлкөлөрүндөгү аскердик базаларына, Вашингтондун Перс булуңундагы аскердик базаларына сокку уруп жатат.

3-мартта БАЭнин Фужейра эмирлигинде дрон чабуулунан мунай өндүрүш аймагында өрт чыккан. Вloomberg андан мурда ушул райондо дагы бир өрт чыкканын, 2-мартта болсо мунай заводу менен ири терминалдын иши токтогонун жазган.

Дүйнөлүк мунайдын 20% өткөн Ормуз кысыгын Ирандын бийлиги дээрлик жапкандан кийин Перс булуңундагы ири мунай өндүрүүчүлөр өндүрүштү кыскартып, анын баасы жогорулап кетти. Дүйнөлүк базарда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 100 доллардан ашты.

АКШ бийлиги өткөн аптада үчүнчү өлкөлөргө орусиялык чийки кара майды жана мунай продукциясын сатып алууга убактылуу уруксат берди. Американын каржы министри Скотт Бессент бул кадамды дүйнөлүк энергетикалык базарды стабилдештирүү зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Дагы караңыз

Салык кызматы "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага Ташиевдин үй-бүлөсүнүн катышы бар экенин жазды