Ош: Ишкерлердин акысын ким төлөйт?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош шаарында курулушка катышкан ишкерлердин маселеси чечилбей ачык турат. Алар мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин убагында оозеки макулдашуунун негизинде иштешкенин, бирок ушул кунгө чейин иш акыларын ала албай жатканын айтып мэрияга келип жатышат. Өткөн апта соңунда ишкерлер менен Курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугуп, көйгөйүн укту.