Ош шаарында курулуп жаткан бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт жана аягына чыгарылат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 17-мартта Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушкан учурда билдирди.
"Президенттин атайын тапшырмасына ылайык бардык курулуштар боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү алып келдик. Биринчи этап боюнча, курулушу жүрүп жаткан, бирок аягына чыга элек бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Министрлик бардык иштерди аягына чыгарып, тийиштүү документтер чогултулуп, каражатты туура сарптоо боюнча иш алып барабыз. Экинчи бөлүктө, иштери аягына чыккан тогуз объект боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал документтерди бүтүрүп, тийиштүү иштер жүргүзүлсө акча каражаттарды которуп берүүгө даярбыз. Президент бул иштерди аягына чыгаруу тапшырмасын койду. Ош шаарынын эли ыңгайсыздыкта калбаш керек", - деди Орунтаев.
Министр Ошто 30дай объект тийиштүү документи, келишими жок курулуп жатканын билдирди. Ал калаадагы курулуш объектилеринин иши текшерилип, келишим түзүлөрүн кошумчалады. Орунтаев башталган курулуштардын бардыгы аягына чыга турганын, кошумча дагы башка курулуштарды баштоо планы бар экенин билдирди.
Каражат республикалык бюджеттен жана стабилдештирүү фондунан бөлүнөрүн айтты.
Нурдан Орунтаев Оштогу ишкерлер менен жолугушту. 17-март, 2026
Орунтаев ишкерлер менен 14-мартта дагы жолугушкан. Анда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып келишкенин, цемент, кыш жана башка материал чыгаруучу заводдордо миллиондогон сом карызы бар экенин айтышкан.
Буга чейин Ош мэриясынын курулуш компанияларына карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалымат чыгып, аны мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев четке каккан. 9-мартта “Азаттыкка” курган маегинде ал Оштун карызы баш-аягы 2 млрд 200 млн сомдун айланасында экенин билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган. Анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.(КЕ)